Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - Тышкы башкаруу
 

Тышкы башкаруу

 
ТЫШКЫ БАШКАРУУ (соттук санация) – 1) карызкорго карата анын төлөөгө жарамдуулугун калыбына келтирүү максатында, карызкорду башкаруунун ыйгарым укуктарын тышкы башкаруучуга берүү менен ишке ашырылуучу банкроттоо (кудуретсиздендирүү) жолжобосу; 2) соттун чечими менен ыйгарым укуктуу орган тарабынан сотто аныкталган мөөнөттө карызкордун кредит берүүчүлөр менен эсептешүүсүн камсыз кылуу максатында, анын төлөөгө жарамдуулугун калыбына келтирүүгө багытталган каржылык ж. б. экономикалык же уюштуруучулук мүнөздөгү чаралардын комплексин жүзөгө ашыруусу. Карызкордун санациясын жүргүзүүнү өзүнө алууну каалаган жактар менен кепилдер ыйгарым укуктуу орган боло алат. Санация карызкорго – юридикалык жакка карата гана, юридикалык жакты сот аркылуу кудуретсиз деп таануу талабы коюлганда колдонулат. Эгер карызкорду кудуретсиз деп таануу талабы сот аркылуу коюлбаса, санация карызкордун макулдугу боюнча анын кредиторлору менен макулдашууда белгиленген шарттарда жүзөгө ашырылышы ыктымал; 3) КР жарандык мыйзамдарында Т. у-нун өзгөчө кырдаалы каралган. Ага ылайык юридикалык жактарды кайра уюмдашууга аргасыз кылуу (эгер мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын кайра уюмдаштыруу жөнүндөгү чечими аткарылбаса) үчүн сот тарабынан тышкы башкаруучу дайындалышы мүмкүн.

Тышкы башкаруу

 
Внешнее управление (судебная санация)


Хотите добавить свой перевод для слово: "Тышкы башкаруу"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru